АБИТУРИЕНТ-2024: ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУНУН III ТУРУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Июль 2024 ж. 9:42

Көрүлдү: 532

Бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

post.title

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

1.    Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552,
2.    Ош мамлекеттик университети –  2951, 
3.    И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети –  2565,

4.    И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,
5.    Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,
6.    К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380,
7.    И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн – https://edu.gov.kg/posts/3197/ 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар