АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ АЛДЫҢКЫ МЕДИЦИНАЛЫК ИЛИМИЙ КЛАСТЕРДИН ДЕМОНСТРАЦИЯЛЫК МОДЕЛИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Борбордук аппарат

26 Июль 2024 ж. 11:26

Көрүлдү: 167

М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборундагы медициналык илимий кластердин демонстрациялык модели менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров таанышты.

post.title

Анда МинКаб башчысы моделдин негизги элементтерин, анын ичинде лабораторияларды, илимий борборлорду жана стартаптарды карап көрүп, бул илимий инфраструктуранын медицина үчүн маанисин белгиледи.

“Илимий кластерди түзүү - бул биздин медицинаны модернизациялоого жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө жасалган кадам. Жаштарыбыздын жана бүтүндөй өлкөнүн келечегин камсыз кылуу үчүн илим менен билимге инвестиция жумшоого тийишпиз”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Демонстрациялык модель медицинадагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду камтыйт жана жүрөк, онкологиялык, кан тамыр жана неврологиялык ооруларды эрте аныктоого багытталган.

Долбоордун катышуучулары, анын ичинде чет элдик жаш окумуштуулар жана изилдөөчүлөр медициналык кластер илимпоздорду тартуу борборуна айланат деген ишенимин билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчилиги менен медициналык кластерди андан ары өнүктүрүү жана аны эл аралык илимий тармактарга интеграциялоо пландарын талкуулады. Таанышуунун соңунда илимди жана инновацияларды колдоо Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыты жана калктын саламаттыгын сактоонун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

https://www.gov.kg/ky/post/s/24417-minkab-toragasy-akylbek-zaparov-aldynky-medicinalyk-ilimii-klasterdin-demonstraciyalyk-modeli-menen-taanysty

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар