ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАДАГЫ ЖЕҢИШИ ҮЧҮН МАШЫКТЫРУУЧУЛАР “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ” ДЕП ТАБЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Июль 2024 ж. 13:58

Көрүлдү: 355

25-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын математика жана биология предметтери боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучулары Мамат Ишматов жана Эльбрус Тажибаевге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин тапшырды.

post.title

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен төмөндөгү мугалимдерди сыйлады:

  • Даян Мэлисов – КР биология боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучунун жардамчысы;
  • Бактынур Ажыбаев – КР биология боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучунун жардамчысы;
  • Азамат Аскаров – математика предмети боюнча машыктыруучу, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими;
  • Тимур Мамбетов – Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин математика мугалими.

Министрликтин ведомстволук сыйлыктары мугалимдерге 2024-жылы математика жана биология предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга окуучуларды мыкты даярдагандыгы үчүн берилди.

Белгилей кетсек, быйыл мектеп окуучулары математика жана биология предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларда 1 алтын, 4 күмүш, 3 коло медаль жана 3 Ардак грамотага ээ болушту.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар