БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ЧАРАЛАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Июль 2024 ж. 13:24

Көрүлдү: 311

2024-жылдын январынан тартып азыркы учурга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин ишеним телефонуна жарандардан 63 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен 22 билдирүү - мектептердеги акча каражаттарын чогултуу жөнүндө (ремонтко, бүтүрүү иш-чараларына, класстык кутуга).

post.title

2020-жылдан баштап Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жана кесиптик окуу жайларына онлайн-кабыл алуу үчүн "Абитуриент онлайн" системасы иштейт, бул абитуриенттердин кызматкерлер менен түз байланышын жокко чыгаруу менен коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырат. ЖОЖдордо административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүчү жана кезектерди азайтуучу "Бирдиктүү терезе" системасы киргизилген.

ЖОЖдордогу жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация видеокамерага жазылат жана архивделет.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча лекциялар дайыма өткөрүлүп турат. Министрлик жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси окутуучулар жана студенттер үчүн "Коррупцияны алдын алуунун теориясы жана практикасы" окуу куралын презентациялоо жана "Коррупцияга каршы саясат" дисциплинасын окутуу методикасын талкуулоо үчүн семинар өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы Жарлыгы менен коррупцияны минималдаштыруу боюнча чаралардын комплексин системалуу негизде ишке ашыруу максатында №137 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруу боюнча мамлекеттик стратегия жана ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Ишеним телефону: +996(312) 62-05-19

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар