МИНИСТР ЭЛ АРАЛЫК МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Июль 2024 ж. 13:10

Көрүлдү: 389

25-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) ийгилик жараткан Кыргыз Республикасынын курама командасын сыйлады.

post.title

Министр өжөрлүк менен оор жолдорду басып өтүп, жеңишке жеткен окуучуларга жана алардын мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева алар жалпы өлкөнүн мактанычы жана сыймыгы экендигин белгилеп, Министрликтин ыраазычылык катын жана ноутбуктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар бир алтын, 3 күмүш жана 2 ардак грамотага ээ болуп, командалык эсепте 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээлеген. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрү кирген.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар