МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ТРЕНЕРЛЕРДИ ОКУТУУГА ӨТҮНМӨЛӨР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Июль 2024 ж. 15:12

Көрүлдү: 734

Жарандарды мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн негиздерине, анын ичинде жарандарды «Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматы» башталгыч курсу боюнча окутууга кызыкдар уюмдардан жана жеке машыктыруучулардан өтүнмөлөрдү чогултуу башталды.

post.title

Тренерлерди окутуу 2024-жылдын августунда өткөрүлөт.

Окутуу Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесинин 3, 4-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 279 “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү ишкердикти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 260 “Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда коопсуздук боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана балдардын болуу шарттарынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомдорун ишке ашыруу максатында уштурулууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар