КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЕВРАЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ОРТОСУНДА ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КУРУУ БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Июль 2024 ж. 15:47

Көрүлдү: 383

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды.

post.title

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков биргелешкен долбоорлорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда гранттык негизде билим берүү мекемелерин куруу боюнча келишимге кол коюу аземи болду. Документке Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков кол койду.



Бул макулдашуу грант берүүнүн тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасында 9 билим берүү мекемесин курууну, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камсыз кылат.

https://www.gov.kg/ky/post/s/24410-minkab-toragasy-akylbek-zaparov-evraziya-turuktastyruu-zana-onukturuu-fondunun-dolboorduk-blogunun-atkaruucu-direktoru-andrei-sirokovdu-kabyl-aldy?fbclid=IwZXh0bgNhZW0CMTAAAR35BhD_D0pGC9epuElWi-jlk2GYg5Fhbb7B4l-GM2DDqz1peFyV0kbiaYc_aem_gWgzawmIj15RQNXvu5-SXw

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар