Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Июль 2024 ж. 17:52
Көрүлдү: 1670
22-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур менен робототехника боюнча долбоорду ишке ашыруу жана STEM сабактарын окутуу жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Жолугушууда тараптар эки жактуу кызматташууну жогору баалап, мындан ары дагы улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.