МИНИСТР ЖРТда 217 БАЛЛ АЛГАН АБИТУРИЕНТКЕ ПРЕЗИДЕНТТИН БЕЛЕГИН ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Июль 2024 ж. 17:43

Көрүлдү: 763

22-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 217 балл алган Жумабү Максүтовага Президент Садыр Жапаровдун атайын белегин тапшырды.

post.title

Министр адамдын түгөнбөгөн казынасы анын билими экенин белгилеп, дайыма билим алууга жана максаттарын ишке ашырууга чакырды.

Жумабү Максүтова Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы орто мектебин бүтүргөн. Ал Бишкектеги “Ала -Тоо” Эл аралык университетинде “эл аралык бизнес жана экономика” адистигин тандагандыгын айтты.

Министрдин кабыл алуусуна Жумабү Максүтова менен кошо анын таенеси, “Эл агартуунун мыктысы” Дамира Кашкариева жана башталгыч класс мугалими Жазгүл Дардаилова болду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар