АБИТУРИЕНТ-2024: I ТУРДА 14 МИҢДЕН АШУУН АБИТУРИЕНТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Июль 2024 ж. 17:24

Көрүлдү: 744

Бүгүн, 22-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 24-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

post.title

ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн. 

I турдун жыйынтыгы менен 14 миң 271 абитурент кабыл алынды.

Биринчи турда эң көп абитуриент кабыл алган ЖОЖдор:

1.    Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2462,
2.    Ош мамлекеттик университети –  2019, 
3.    И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети –  1799,
4.    Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1116,
5.    И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 945,
6.    К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 920,
7.    И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 614,
8.    “Ала-Тоо” Эл аралык университети – 582, 
9.    К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 388,
10.    М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 280.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн – https://edu.gov.kg/posts/3197/ 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар