ЭЛ АРАЛЫК МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНЫН МАКТОО ГРАМОТАСЫНАН АЛТЫН МЕДАЛЫНА ЧЕЙИН – 30 ЖЫЛ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Июль 2024 ж. 16:59

Көрүлдү: 581

Эл аралык математикалык олимпиадага Кыргыз Республикасынын командалары 1993-жылы катыша баштаган.

post.title

Кыргыз курама командасынын ийгилигинин хронологиясы

Бул аралык ичинде олимпиадага 176 окуучу катышып, алардын 13ү кыздар болгон. 30 жыл аралыгында кыргыз курама командалары алтын, 4 күмүш, 12 коло жана 57 мактоо грамоталарын жеңип алышкан. https://www.imo-official.org/results_country.aspx

Кыргыз Республикасынын командасынын эл аралык математикалык олимпиададагы ийгилиги 1994-жылы Нургүл Укуеванын биринчи Мактоо грамотасын алышы менен башталган. 2000-жылы математика боюнча олимпиадада биринчи коло медалды Мурат Абдувалиев, 2010-жылы биринчи күмүш медалды Азамат Аскаров алышса, 2024-жылы  тарыхыбыздагы алгачкы алтын медалды Назар Кыргызбаев жеңип алды. https://www.imo-official.org/country_team_r.aspx?code=KGZ

2024-жылы команда алтын жана 3 күмүш медаль, 2 Мактоо грамотасына ээ болуп, жыйынтыгында абсолюттук рейтингде 29-орунга ээ болду. Буга чейин команданын эң мыкты көрсөткүчү 2003-жылы 49-орун болгон.

Мугалимдер тууралуу

Кыргызстандын 2024-жылкы командасынын жетекчиси Тимур Мамбетов 2002-жылы катышуучу катары Мактоо грамота менен сыйланып, 2003-жылы коло медалга ээ болгон. Тең-жетекчи Мамат Ишматов 2005 жана 2006-жылдары эл аралык олимпиадага катышып, 2006-жылы Мактоо грамотасы менен сыйланган.

Белгилей кетсек, 1959-жылы Румынияда өткөн биринчи эл аралык математикалык олимпиадага 7 өлкөдөн 52 окуучу катышкан.

2024-жылдагы Олимпиада сандар менен

2024-жылы Улуу Британияда өткөн Олимпиадага 108 өлкөдөн 609 окуучу катышкан, алардын 81ин кыздар түздү. Бул жылы катышуучулар үчүн максималдуу мүмкүн болгон упай саны 42. Эң жогорку упайды быйыл Кытай Эл Республикасынан келген Haojia Shi  аттуу кыз топтой алды. Ал 2023-жылдагы акыл таймашта да атаандаштарын артка калтырып, алтын медаль тагынган.

65-Эл аралык олимпиадада 54 катышуучу алтын медаль, 121 катышуучу күмүш, 145 катышуучу коло медалы жана 170 катышуучу Мактоо грамоталары менен сыйланышты. https://www.imo-official.org/year_info.aspx?year=2024

Белгилей кетсек, Кыргызстан курамасынын Олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар