Пресс-анонс

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Июль 2024 ж. 15:48

Көрүлдү: 247

Урматтуу журналисттер жана кыргызстандыктар!

post.title

Сиздерди Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада алтын, күмүш медаль жеңген окуучуларыбызды “Манас” Эл аралык аба майданынан тосуп алуу аземине чакырабыз!

Кыргыз Республикасынын окуучулары аталган олимпиадада 1 алтын жана 3 күмүш медаль жеңип, биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

IMO2024төгү медалдар үчүн рахмат, билимдин мыктылары!

Аккредитациядан сөзсүз өтүү зарыл!

Каттамдын конуусу күтүлгөн убакыт: 23-июль, саат 03:00.

Чогулуу жери: КР Билим берүү жана илим министрлиги, К.Тыныстанов көчөсү, 257.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева, 0554 445 566.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар