Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Июль 2024 ж. 11:37
Көрүлдү: 688
Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасы 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.
Аталган олимпиадада Кыргызстандык окуучулар 1 – алтын медаль, 3 – күмүш медаль жана 2 ардак грамотага ээ болушту.
Алтын медаль ээси:
* Назар Киргизбаев (29 упай) , Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
Күмүш медаль алгандар:
* Ян Бобрус (24 упай) , “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу, Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
* Элдар Искендеров (23 упай) , Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
* Искен Кенжебаев (22 упай), Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Азамат Аскаров.
Ардак грамота ээлери:
* Нурсултан Эшперов (13 упай) , “Газпром кыргызстан” мектебинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов;
* Султан Мусаходжаев (11 упай) , №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин окуучусу. Даярдаган мугалими – Мамат Ишматов.
Команда жетекчилери: Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур
Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын олимпиадага барып келүү чыгымы толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланды.
Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея кирет.