МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ ДОКУМЕНТТЕРИН АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июль 2024 ж. 15:40

Көрүлдү: 582

2023-2024-окуу жылында биринчи жолу мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү билими тууралуу документтерди электрондук жана кагаз форматында алышты.

post.title

Бүтүрүүчүлөрдү электрондук аттестаттар жана электрондук күбөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча чоң иштер жүргүзүлдү. Райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери белгиленген графикке ылайык окуудан өтүштү.

 Онлайн конференциялар уюштурулуп, презентациялар даярдалып, электрондук аттестатты жана электрондук күбөлүктү толтуруу боюнча видеороликтер жөнөтүлдү.

 Электрондук система биринчи жолу киргизилгендиктен, кыйынчылыктар пайда болду, бирок кемчиликтер өз убагында жоюлду.

Азыркы учурда мектептердин 9-классынын 127 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү алышты, 11-класстын 76 миңден ашык бүтүрүүчүлөрү жалпы орто билим жөнүндө электрондук аттестаттарды алышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар