БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Июль 2024 ж. 20:07

Көрүлдү: 791

"Абитуриент онлайн" маалыматтык системасында маалыматтардын көптүгүнөн жана колдонуучулардын бир убакта кошулуусунан улам кыска мөөнөттүк техникалык мүчүлүштүктөр болгон.

post.title

17.07.2024 - Бир убакта активдүүлүктүн жогорулашы жана иштелип чыккан маалыматтардын чоң көлөмү маалымат системасынын саат 13:12де убактылуу иштебей калышына алып келди. Иштелип чыккан маалыматтардын жалпы саны 65 916ны түздү.

Инцидент туташуулардын санынын көбөйүшүнөн жана системага болгон жүктөмдүн бир нече жолу ачылышынын (баракты жаңыртуунун), ранжирленген отчеттун, каттоонун жана баа берүүнүн киргизилишинин натыйжасында болгон.

Техникалык адистер системанын толук кандуу иштеши үчүн 2 сааттын ичинде (кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдү калыбына келтирди. Системада техникалык мүчүлүштүк катталган убакытка гана кошумча мүнөт кошулуп берилди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар