Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мектептик билим берүүнү реформалоо долбоору боюнча макулдашуулар ратификацияланды

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Июль 2024 ж. 13:39

Көрүлдү: 716

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

post.title

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Белгиленген макулдашуулар мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган. 

Макулдашуулар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын санариптик окутуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү, мектепти профилдештирүү бөлүгүндө, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттарында ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат.

Аталган Макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына 40000000 (кырк миллион) АКШ доллары өлчөмүндө (жыйырма миллион АКШ доллары - гранттык негизде жана жыйырма миллион АКШ доллары - кредиттик негизде) финансылык жардам көрсөтүлөт.

https://president.kg/news/all/25550

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар