1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАБЫЛ АЛУУ: БҮГҮНКҮ КҮНДӨ 105 МИҢДЕН АШУУН БАЛА КАТТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Июль 2024 ж. 14:56

Көрүлдү: 1136

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 8-апрелинен 16-июлуна https://mektep.edu.gov.kg/ карата балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына республика боюнча 105 миң 517 бала катталганын маалымдайт.

post.title

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ош облусу – 19 126 бала катталды;

Жалал-Абад облусу – 18 965;
Чүй облусу – 17 590;
Баткен облусу – 10 388;
Ысык-Көл облусу – 8182; 
Нарын облусу – 4805; 
Талас облусу – 4372; 
Бишкек шаары – 15 993; 
Ош шаары – 6096.

Учурда анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.

Каттоо 30-августка чейин созулуп, балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.

Бишкек шаарындагы бош орундар бар мектептердин тизмеси – пдф (файл)

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар