БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨГӨ АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Июль 2024 ж. 11:15

Көрүлдү: 1122

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги борбордук аппаратынын башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2024-жылдын 15-июлунан 25-июлуна чейин ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;

- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 15-июлунан 24-июлу, саат 18.00гө чейин. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).

Дареги: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257.
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09

Толугураак: https://edu.gov.kg/announcements/415/

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар