КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР КЫТАЙДА ӨТКӨН ОЛИМПИАДАДА АЛТЫ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Июль 2024 ж. 15:29

Көрүлдү: 123

"Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Ян Бобрус Кытайда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медаль, эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искандеров, Жайыл Баатыр атындагы лицейдин окуучусу Искен Кенжебаев, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын окуучусу Назар Киргизбаев, №70 ОТК МГнын окуучусу Султан Мусаходжаев жана "Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов коло медалга ээ болушту.

post.title

Команданын жетекчилери-Мамат Ишматов, Тимур Мамбетов, Бекжол Жолдубай уулу.

15-июндан 4-июлга чейин Кыргыз Республикасынын командасы Кытайдын Пекин шаарында IMSC жайкы программасына катышып, быйыл Англиянын Бат шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярданышты.

Учурда Кыргыз курама командасы Англияга жөнөп кетти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар