КАРА-СУУ РАЙОНУНДА СЕЛДЕН КИЙИН МЕКТЕП ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДА ТАЗАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Июль 2024 ж. 15:20

Көрүлдү: 106

Билим берүү жана илим министрлиги Кара-Суу билим берүү бөлүмүнүн маалыматын негиз кылып билдирет. Учурда, 14-июлдагы жаан-чачындын жана селдин кесепетинен мектеп жана бала бакчалар тазаланууда.

post.title

Кыргыз-Чек айылындагы Сыдык Алайчы атындагы мектеп-гимназиянын биринчи кабатын суу каптагандан кийин, "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы жайгашкан жер төлөдө техникалык каражаттар жараксыз болуп калган. Гүлзарларды, бакчаны, спорт аянтчасын, даараткананы, мектептин трансформаторун суу каптап кеткен.

Кыргыз-Чек айылындагы "Ханбийке" мектепке чейинки билим берүү уюмунун короосун сел каптаган, бирок имарат таза.

Футбол, спорт аянтчалары жана асан-Чек айылындагы III Интернационал атындагы орто мектептин короосу аркылуу сел жүргөн.

Беш-Мойнок айылындагы №92 орто мектебинин жана "Ай элес" мектепке чейинки билим берүү уюмунун короолорун суу каптаган.

Достук айылындагы «Достук-Наристе» мектепке чейинки билим берүү уюмунун короосун, балдар аянтчасын жана дааратканасын сел жууп кеткен.

Медресе айылында "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ачылган үй тибиндеги балдар бакчасынын короосун жана биринчи кабатын суу каптаган. Сел Жолдубаев атындагы мектептин биринчи кабатын, короосун, бакчасын, дааратканасын, спорт аянтчасын, от казанын жана көмүр кампасын каптап кеткен.

Төлөйкөн айылындагы «Керемет балачак» бала бакчасынын имаратынын 1-кабатын суу каптап, суулар тосмолорду, чатырларды жууп кеткен.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар