МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Июль 2024 ж. 11:51

Көрүлдү: 214

15-июлда, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева биология боюнча “IBO 2024” эл аралык олимпиададан ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды.

post.title

Олимпиада 7-июлдан 13-июлга чейинки аралыкта Астана шаарында өтүп, ага 75 мамлекеттен 290 окуучу катышкан. Кыргызстандын командасы 3 коло медаль жана бир Ардак грамотага ээ болуп,  командалык эсепте төртүнчү орунга жетишти. Бул интеллектуалдык таймашка команданы 3 тренер, 3 калыстар тобу жана бир психолог даярдашкан. 

1. Байзак Карыпжанов, Талас облусундагы  Манас Ата  лицейинин 11-классынын окуучусу, коло медалдын ээси, 
2.Нурсултан Увалиев Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 10-классынын окуучусу,
3. Дмитрий Рубан,  Бишкек шаарындагы #65 мектептин  9-класстын окуучусу,
4. Арсений Виноградов, Чүй облусунун Жайыл Баатыр лицейинин 11-классынын окуучусу, Ардак Баракчанын ээси.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар