ДҮЙШӨМБҮ, 15-ИЮЛДА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2024 ж. 16:54

Көрүлдү: 802

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтө тургандыгын билдирет.

post.title

I тур – 15–20-июль

1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 15-17-июль,

2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00,

3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 18-июль саат 10:00гө чейин,

4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 18-20-июль саат 16:00гө чейин;

 

“Абитуриент онлайн” сайты - https://2020.edu.gov.kg/vuz

ЖОЖдор жөнүндө маалымат - https://2020.edu.gov.kg/universities

Нускамага шилтеме:

кыргыз тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=qtJ9tMgIPhM

орус тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=9hWSJA7dGGM  

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар