№97 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ҮЧҮН КЫТАЙ ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТҮЗҮП ЖАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июль 2024 ж. 15:21

Көрүлдү: 389

11-июлда Ляонин темир жол институтунун жана Кытайдын №5 темир жол инженердик группа компаниясынын делегациялары Бишкектеги №97 темир жол кызматкерлеринин кесиптик лицейинде болушту.

post.title

Кесиптик лицейдин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жетекчилиги менен жолугушууда «Мо цзы устаканасы» (Mozi Workshop)» ачуу жана лабораториялык жабдууларды орнотуу долбоору талкууланды.

Долбоор темир жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды жана башка курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо, инновациялык технологияларды киргизүү жана темир жол коммуникацияларын өнүктүрүү боюнча квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар