КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ СЕРТИФИКАЦИЯЛООНУ ЖАНА ВАЛИДАЦИЯЛООНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН ОТУРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Июль 2024 ж. 17:59

Көрүлдү: 429

11-июлда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун төрагалыгы астында көз карандысыз сертификациялоону жана валидациялоону өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун отуруму өткөрүлдү.

post.title

Жыйында билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү ченемдик-укуктук базаны, жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулашты. 

Расул Абазбек уулу көз карандысыз сертификациялоону жана валидациялоону өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар менен өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, жумушчу топ 2024- жылдын 5- июнундагы КР БИМ жана КР ЭСКММдин биргелешкен буйругун ишке ашыруунун алкагында иштеп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар