КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ЖАНА ЭКСПЕРТТЕР БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» КОНЦЕПЦИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУ ТАЛКУУЛООДО

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Июль 2024 ж. 12:11

Көрүлдү: 491

12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү Концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүк жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы PeaceNexus көз карандысыз уюмунун колдоосу менен 8-июлдан 12-июлга чейин Кыргызстандагы мектептик билим берүү мекемелеринде «Жарандык иденттүүлүктүн ишке ашырылышы» деген темада семинар өткөрүүдө.

post.title

Семинарга КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, КАОнун, РКПКнын кызматкерлери, баштапкы кесиптик билим берүүнүн жана жогорку кесиптик билим берүүнүн илимий кызматкерлери, ошондой эле эксперттер катышууда.

Семинардын жыйынтыгында «Кыргыз жараны» принциптеринин милдеттерин ишке ашыруу менен Мектептик билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын алдын ала долбоору иштелип чыгат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар