ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ВАЛИДАЦИЯЛОО БИРИНЧИ ЖОЛУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Июль 2024 ж. 15:11

Көрүлдү: 503

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжиндеги валидацияда 20 талапкердин ичинен 19 адам көндүмдөрүн тийиштүү денгээлин тастыктап “автомобилдерди оңдоочу слесарь” кесиби боюнча 4-разряд алды.

post.title

Валидация “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулуп Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун катышуусуна өткөрүлдү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин  “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жетекчиси Нурлан Атаканов, өз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун директору Жанар Шаматова, мэриянын жана калкты иш менен камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад областындагы 16  кесиптик лицейдин директорлору катышты.

Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү бул ишти жыйылтып, өзгөчө айыл чарбасына керектүү кесиптерди камтууну сунуштады. Валидацияны кесиптик лицейлердин базасында өткөрүү пландалып жатат.

 

"Билим берүү жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык валидация - бул "квалификацияны тастыктоочу документ берүү менен формалдуу эмес жана информалдуу билим берүү аркылуу тигил же бул жаатта алынган жалпы кесиби боюнча же анын ишинин айрым түрлөрү боюнча компетенцияларды тастыктоого жана таанууга багытталган көз карандысыз сертификациялоонун бир түрү". https://cbd.minjust.gov.kg/112665/edition/1273902/kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар