Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
9 Июль 2024 ж. 17:18
Көрүлдү: 410
28-июнда Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү селден 5 мугалим жабыркады.
Мугалимдерге Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлиги тарабынан 50 миң сом, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлиги тарабынан 25 миң сом акча каражаты, ар бир мугалимге Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомо жана райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен райондогу кесиптештеринен 170 миң сом чогултулуп берилип, жалпы суммасы 245 миң сомду түздү.