«КЫЗДАР IT ТАРМАГЫНДА» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ГРАФИКАЛЫК ДИЗАЙН КУРСУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Июль 2024 ж. 17:22

Көрүлдү: 410

Билим берүү жана илим министрлиги, «Эне-Балага Тирек» фонду жана «Кыргыз почтасы» ААКнын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыздар IT тармагында» долбоорунун алкагында алыскы аймактардан келген 35 кыз графикалык дизайн курсун окушат.

post.title

Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Билим берүү жана илим министрлиги санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. «Долбоор өлкөдөгү кыздарга сапаттуу билим алууга жана заманбап эмгек рыногунда ийгиликтүү атаандашууга мүмкүнчүлүк берет», - дейт Гүлнур Мамырова.

Аялдардын ишкердигин колдоого кошкон салымы катары кыздарды Wildberries компаниясынын эксперттери окутат. Студенттер портфолиосун түзүүнү, резюме жазууну жана интервьюга даярданууну үйрөнүшөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар