«ЧЕБЕР» ДОЛБООРУН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Июль 2024 ж. 18:31

Көрүлдү: 641

5-июлда министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жана HELVETAS Swiss Intercooperation Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы ортосундагы “Чебер” долбоорун ишке киргизүү үчүн кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева бул долбоор «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, билим берүү жана бизнес секторлорунун ортосунда интенсивдүү идеяларды, практикалык тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүк мамилелерди калыптандыруу үчүн аянтча» болоорун билдирди.


Долбоор иш берүүчүлөрдүн бизнес-ассоциациялары менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкта инклюзивдик жана рынокко багытталган кыска мөөнөттүү кесиптик окуу курстарын түзүүнү карайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар