Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Июль 2024 ж. 17:32
Көрүлдү: 919
Ирандын геометрия боюнча X олимпиадасында (IGO) “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус күмүш, “Интеллект” мектебинин 8-классынын окуучусу Мерида Даниярова, №70 мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Султан Мусаходжаев, №61-АФММЛ ОКнун 10-классынын окуучулары Назар Киргизбаев жана Нурдөөлөт Капаров жана «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу Нурсултан Эшперов – коло медалга ээ болушту.
Дистанттык форматта өткөн олимпиадага 109 кыргызстандык мектеп окуучусу катышты.Быйыл олимпиадага 58 өлкөдөн 9924 ашуун окуучу катышты.