МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮНӨ КАРАТА ИЛИМДИН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Июль 2024 ж. 16:41

Көрүлдү: 919

Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата 2024-жылдын 2-июлундагы №20/4 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгиси менен билим берүү, илим жана медицина тармагына, келечектин медициналык кадрларын даярдоого кошкон салымы, окутуу жана тарбиялоодогу жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана И.Ахунбаев атындагы КММАнын онкология бөлүмүнүн доцентинин милдетин аткаруучу, м.и.к. Евгения Лим сыйланышты.

post.title

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун Торокалдык онкологиянын хирургиялык бөлүмүнүн онкохирург дарыгери Петр Лопатин, Академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун артериялык гипертензия бөлүмүнүн башчысы Мыскал Дуйшеналиева, КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов,  КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы Гули Саатова жана  КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун  нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева сыйланышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Улуу илимий кызматкери  Салтанат Омушева сыйланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар