Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
4 Июль 2024 ж. 11:46
Көрүлдү: 178
2024-жылдын, 25-30-июнь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өспүрүмдөр арасында XXVIII Балкан математикалык олимпиадасы өткөрүлдү.
Аталган олимпиадага 135 өлкөдөн 22 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу Тимур Акенеев коло медаль тагынып кайтты.
Кыргызстандын командасынын курамында төмөнкү окуучулар болду:
1. Тимур Акенеев, "Газпром Кыргызстан" мектеби, Бишкек шаары -коло медаль.
2. Арлан Керимов, №62 ОТК МГ- Бишкек шаары-катышуучу.
3. Бектен Абдувалиев, Кыргызстан эл аралык мектеби, Ош шаары -катышуучу.
4. Нуржамал Пазылбекова, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек ш. - катышуучу.
5. Даниил Елистратов, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек ш. - катышуучу.
6. Шакиралиев Адилет, Купуев академиясы, Ош шаары-катышуучу.
Команда лидерлери:
1. Тилек Аскербеков.
2. Дослан Жекшеев.
2015-жылдан бери Кыргызстандын курама командасынын аталган олимпиадада жалпы 3 медалы бар: 2 коло жана 1 күмүш медаль.