ОШТО БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июль 2024 ж. 10:46

Көрүлдү: 153

2-3-июль күндөрү, Ош шаарында 80ден ашык кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячылары "Балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо инструментин" колдонуу боюнча окуудан өтүштү. Бул инструмент балдарды жана алардын иш-аракеттерин байкоо аркылуу окутуу методдорун өркүндөтүүгө багытталган, бул ар бир баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого мүмкүндүк берет.

post.title

Баалоо беш негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: физикалык өнүгүү, таанып билүү жана когнитивдик өнүгүү, сабаттуулук жана коммуникация, социалдык жана эмоционалдык өнүгүү, чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү. Тарбиячылар "баланын өнүгүү картасы " менен иштешет, жүрүм-турум көрүнүштөрүн эки жуманын ичинде 1ден 7ге чейинки шкала боюнча баалашат.

Мындай тренингдер Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарында да өткөрүлөт. Изилдөөгө жалпысынан 140 кыска мөөнөттүү (үч сааттык) бала бакча катышат.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан колдоого алынып, "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар