МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ 40%ГА ЧЕЙИН КАМТУУГА АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

3 Июль 2024 ж. 18:07

Көрүлдү: 502

2-июлда “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” форумунда Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова “Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү” деген темада баяндама жасады. Форум жүрушүндө балдарды бала бакчага камтуунун механизмдери кызуу талкууга алынды.

post.title

Нурзида Касымованын айтымында үстүбүздөгү жылы мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен 40% камсыздоого даярдык көрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул процесстин жүрүшүндө кошумча 113 миң наристе бала бакчага тартылып, экономикалык натыйжалуулугун алганда кошумча 7 120 жумушчу орун түзүлө тургандыгын маалымдады.

12 жылдык билим берүүгө өткөн учурда, 6 жаштагы балдардын баары 1-класска барып, милдеттүү түрдө билим берүүгө тартылат. Учурдагы мониторингдин натыйжаларына ылайык, бала бакчага барган балдар, мектепке даярдоо программасынан (0- класс) өткөн балдар жана мектепке чейинки билим берүү программаларына тартылбаган балдар болуп үч түрдүү билим деңгээлиндеги балдар 1-класска келүүдө.  Эгерде бала алты жашынан мектепке тартылса, баары бирдей шартта, бирдей деңгээлге жетишмек жана билим сапаты жакшырмак деп баса белгиледи.

Ошондой эле, билим берүүнү трансформациялоодо бала бакчаларга 6 жашка чейинки балдарды көбүрөөк тартууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн айтып, кошумча артыкчылыктарга токтолду. Аны менен катар, ийгиликтүү жыйынтыкка жетүү үчүн кайсы иш чаралар комплекси аткарылышы керек экенин тизмектеп өттү.

Жетекчилер жер-жерлерде ата-энелер, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барып, түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүгө басым жасоолору шарт. Себеби максат коюп бара жаткан өзгөрүүдө балдардын басымдуусу мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалат.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынын так пландар иштелип чыкканын мисал келтирип,   Нарын, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Панфилов райондорунда жакшы көрсөткүчтөр бар экендигин айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар