БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО СТРАТЕГИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ ФОРУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июль 2024 ж. 17:24

Көрүлдү: 317

Бүгүн, 3-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” форумун жыйынтыктап жатып, мектеп директорлоруна, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишке чыгармачыл изденүү, чыгармачыл мамиле жасоону сунуштады.

post.title

Ал жалпы билим берүү уюмдарынын кесиптик лицейлер, колледждер жана ЖОЖдор менен байланыш түзүү мезгил талабы экенин баса белгиледи.

Министр Догдуркүл Кендирбаева алардын ишинин жыйынтыгы окуучулардын жетишкендиктери боюнча бааланарын кошумчалады.

Бүгүн форумда аймактык топтордо 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча иш-аракеттер планын талкуулоонун жыйынтыктары сунушталды. Мектеп жетекчилерине жабдууларды жаңыртууну пландаштыруу жана даярдыкты талдоо үчүн окуу жабдуулары, инфраструктура тууралуу так маалыматтарды берүү тапшырылды.

Форумга билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-методикалык кабинеттердин башчылары, мектептердин директорлору жана мугалимдери катышышты. Форум 1-июлдан 3-июлга чейин өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар