Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
3 Июль 2024 ж. 16:31
Көрүлдү: 223
2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандарына бакалавриат, магистратура, докторантура жана тил такшалма программалары боюнча 125 стипендиялык орун бөлүнгөн.
125 орундун ичинен Синцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтү кытай тилин билбей туруп, тил такшалма жана бакалавр (1+4) программаларында окутуу үчүн 50 орун бөлдү.
Стипендия программасына катышуу үчүн талапкерлер https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында катталуусу керек.
Стипендия программасына катышуу тууралуу маалымат иш күндөрү төмөнкү телефон аркылуу берилет: +996(312)621519, саат 15:00дөн 17:00гө чейин, же суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук почтасына да жөнөтсө болот.
Толук маалымат сайтта - https://edu.gov.kg/announcements/407/