ШАНЬДУН ПРАВИНЦИЯСЫНЫН ЖОЖдоруна АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Июль 2024 ж. 17:55

Көрүлдү: 118

Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине Шаньдун профинциясындагы төмөндөгү ЖОЖдорго 30 орундук квота бөлүндү.

post.title
  1. Цилу Технология университетинде (Qilu University of Technology)  «Машина куруу жана өндүрүштү автоматташтыруу» жана «Оптикалык жана электрондук маалымат инженериясы» адистиктери;
  2.  Шаньдун архитектура жана инженерия университетинде (Shandong Jianzhu University) “Бизнес башкаруу”, “Жарандык курулуш” адистиги; 
  3. Цзинань университетинде (University of Jinan) “Маалыматтык башкаруу жана маалыматтык системалар” адистиги боюнча документ тапшыруу жүрүүдө.

Квота боюнча кабыл алууда студенттердин окуу акысын, жашоо чыгымдарын жана медициналык камсыздандырууну төлөйт, бирок ай сайын төлөнүүчү стипендия берилбейт.

Арыз берүү үчүн сиз онлайн арыз толтуруп, документтерди веб-сайтка жүктөшүңүз керек:

  1.  Qilu технология университетинин веб-сайты

https://qlu.at0086.cn/StuApplication/Login.aspx

2)  Цзинань университети - http://admission.isao.ujn.edu.cn/

3) Шаньдун архитектура жана инженерия университети - https://sdjzu.17gz.org

Университеттерге тапшыруу тууралуу толук маалымат төмөндөгү шилтемелерде:

-Цилу Технология университети -  https://edu.gov.kg/announcements/413/

- Шаньдун архитектура жана инженерия университетинин шарттары - https://edu.gov.kg/announcements/411/

- Цзинань университетинин шарттары - https://edu.gov.kg/announcements/412/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар