ЭЛ АРАЛЫК СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАГА АЙЫЛ ЧАРБА ЭКОНОМИКАСЫ ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТИ БАГЫТЫНДА МАГИСТРАТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Июль 2024 ж. 17:03

Көрүлдү: 92

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Айыл чарба университетинин Санья институтуна айыл чарба экономикасы жана менеджменти багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа ачылганын билдирет.

post.title

Стипендиялык программа быйыл 30 мамлекеттин студенттерине окуу үчүн 20 толук стипендия бөлүнгөн, ага Кыргызстандын студенттери да катыша алат.

Стипендия 2 жылдык программа үчүн жылына 70 200 юанды түзөт, анын ичинде окуу акысы –25 000 юань, жашоо акысы – 8 400 юань, жашоо чыгымдары – 36 000 юань, медициналык камсыздандыруу – 800 юань.

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Толук маалымат – файл (пдф)

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар