БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ СТУДЕНТТЕРДИН БИЗНЕС-ИДЕЯЛАРЫН КОЛДОЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Июль 2024 ж. 16:32

Көрүлдү: 102

2-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көлдө “EXPO- Жаштар стартаптары 2024” ачылыш аземине катышты.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министрлиги жаштардын демилгелерин колдой турганын айтты: “Биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстанда социалдык ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзө алабыз”.

Министр белгилегендей, 2023-жылы министрликтин студенттер арасындагы сынагына 21 жогорку окуу жайдан 158 арыз келип түшкөн, тандоонун жыйынтыгы боюнча 7 стартап-долбоор эң мыкты деп табылган. 2024-жылдагы сынакка арыздарды кабыл алуу 10 - августка чейин уланат. Мыкты стартап-долбоорлорду каржылоонун жалпы суммасы-3 миллион 160 миң 744 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, “EXPO Жаштар стартаптары 2024” “Enactus Kyrgyzstan” уюму тарабынан уюштурулган.

“Студенттик стартап-2024” сынагына шилтеме- https://edu.gov.kg/announcements/390/ 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар