МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БАВАРИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Июль 2024 ж. 15:15

Көрүлдү: 119

1-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бавария округдук кеңешинин президенти, Кам районунун администрация башчысы Франц Лёффлер баштаган Бавария Федералдык мамлекетинин делегациясы менен жолугушту.

post.title

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуу программаларын талкуулашты.

Догдуркүл Кендирбаева немец тилин окутуу жана адистерди даярдоо боюнча сунуштарды министрликтин планына киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Франц Лёффлер учурда Германияда Кыргызстандык 21 студенттин кесиптик-техникалык билим алып, практикалык көндүмдөрүн бекемдеп атканын белгиледи. Ал келечекте кызматташууну күчтөндүрүү максатында меморандум түзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар