12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮНҮН ПЛАНДАРЫ БИШКЕКТЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМДА ТАЛКУУЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июль 2024 ж. 17:26

Көрүлдү: 295

2024-жылдын, 1-июлунда КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев “Мектептик билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” форумунун ачылышына катышты.

post.title

Форум Министрликтин 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча стратегиялык пландарын талкуулоо, USAIDдин “Окуу керемет!” жана (USDA) МакГоверн-Доул «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын жыйынтыгы чыгарыуу максатын көздөйт.

Муратбек Касымалиев белгилегендей, тышкы жана ички чакырыктарга жооп катары ар тараптуу өнүккөн, сынчыл ой жүгүртө алган, маселелерди натыйжалуу чечүүгө жөндөмдүү бүтүрүүчүнү даярдай турган билим берүү системасын трансформациялоо пландаштырылган. Министрдин орун басары билим берүү тармагын колдогондугу үчүн АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигериге, Кыргыз Республикасындагы  USAIDдин жетекчиси Кая Адамска, Кыргыз Республикасындагы “Мерсико” директору Елена Бурьянга, долбоордун демилгечилерине жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Катышуучулар астында USAIDдин башчысы Кая Адамс жана “Мерсиконун” директору Елена Бурьян куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Форумга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-методикалык кабинеттердин башчылары, мектеп директорлору жана мугалимдер катышууда.

Белгилей кетсек, форум 3-июлга чейин уланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар