ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: ӨЛКӨБҮЗДҮН ОРТО МЕКТЕПТЕРИНИН БАРДЫК МУГАЛИМДЕРИ НОУТБУК МЕНЕН КАМСЫЗДАЛЫШЫ КАЖЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июль 2024 ж. 14:49

Көрүлдү: 223

“Өлкөбүздүн орто мектептеринин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде тапшырма берди.

post.title

Мамлекет башчысы билим берүү тармагында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган реформаларды, анын алкагында Министрлер Кабинетине билим берүү системасын санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын бергенин эске салды.

Садыр Жапаров белгилегендей, 21-кылымда, бардык нерсе тез өнүгүп жаткан учурда, артта калбоо маанилүү.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева акыркы 3 айдын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал быйыл Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 жыл толуп, биринчи жолу технологияга инвестиция тартууга чоң көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Догдуркүл Кендирбаева ноутбуктар мугалимдерди алдыңкы санариптик технологиялар менен камсыздоо, алардын квалификациясын жогорулатуу жана баарына бирдей шарт түзүү үчүн берилип жатканын кошумчалады. Ноутбуктардын жардамы менен окутуучулар ар кандай санариптик билим берүү ресурстарын (электрондук китептер, 3D-схемалар, слайддар, лекциялар, видеосабактар, лабораториялык тренажерлор ж.б.) кызыктуу жана актуалдуу сабактарды даярдоо үчүн колдонушат. Мугалимдер кесиптик өнүгүүсү үчүн онлайн курстарга жана вебинарларга катыша алышат.

Министр Президент Садыр Жапаровго билим берүү тармагына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип өттү. Алсак, биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат.

Маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерин ноутбук менен камсыз кылуу тапшырмасын берип, технологиялардын доорунда кагаз менен карандаштан баш тартуу мезгили келип жеткенин баса белгиледи. Аларды чогултуу боюнча «Кыргызиндустрия» мекемеси менен келишим түзүлдү. Мамлекет башчысы бул кадам билим берүү процессин бир топ жеңилдетип, окутуунун жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатарын белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министрине ноутбуктардын техникалык талаптарга жооп беришин, сапатын жана баасын көзөмөлгө алууну тапшырды.

https://president.kg/news/all/25491

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар