ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРГА ЖОЖдорго ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КАТТОО ЖҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Июнь 2024 ж. 16:36

Көрүлдү: 412

Казакстан Республикасында, Кытай Эл Республикасында, Өзбекстан Республикасында, Тажикстан Республикасында, Түркия Республикасында жана Пакистан Ислам Республикасында жашаган этникалык кыргыздар үчүн 2024-2025-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.

post.title

Сынактык тандоого катышуу үчүн абитуриенттер  https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. 

Форманы толугу менен 2024-жылдын 17-августуна чейин толтуруу керек.

ЖОЖдордун жана адистиктердин тизмеси сайтынан https://student.edu.gov.kg/ табууга болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар