БИШКЕКТЕ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨТҮҮ ТАЛКУУЛАНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Июнь 2024 ж. 9:34

Көрүлдү: 454

Пресс-анонс

post.title

1-3-июлда Бишкекте “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” аталышында форум өтөт.

Форумдун максаты – КР Билим берүү жана илим министрлигинин 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү боюнча стратегиялык пландарын талкуулоо,

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун ишмердүүлүгүнүн жана АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доулдун “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын билим берүү компонентинин жыйынтыктарын чыгаруу.

Форумга КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигеринин катышуусу күтүлүүдө.

Убактысы: Форумдун ачылышы 2024-жылдын 1-июлу, саат 14:00.

Жери: Hyatt Regency Bishkek, Ж.Абдрахманов көчөсү, 191.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар