МИНИСТР МЕКТЕПТЕРДЕ КӨМӨКЧҮ ЧАРБАНЫ УЮШТУРУУНУ ПЛАНДООНУ ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Июнь 2024 ж. 11:48

Көрүлдү: 880

Бүгүн, 26-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

post.title

Министр жетекчилерге республикадагы ар бир мектепте көмөкчү чарба уюштурууну пландоо жана мектептердин стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгуу тапшырмаларын берди.

Ошондой эле жыйында жаңы окуу жылына карата билим берүү уюмдарын кадрлар менен толуктоо, окутуу орус тилиндеги мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз класстарын ачуу, окуучулардын жайкы эс алуу учурундагы коопсуздугу, мектептердеги ремонт иштерин сапаттуу өткөрүү ж.б. маселелер каралды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар