МУГАЛИМДЕРДИН STEM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Июнь 2024 ж. 14:57

Көрүлдү: 981

25-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев мугалимдер арасындагы STEM технологияларын колдонуу менен өткөрүлгөн сабактардын иштелмелери үчүн республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

post.title

Жети кишиден турган атайын комиссия сабактарды бир канча критерийлер боюнча баалап жеңүүчүлөрдү аныктады.

Жеңүүчүлөр:

* Баш байге ээси – Асылгүл Наркулова, Ош шаарындагы №38 Б. Алыкулов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими (диплом жана ноутбук);

1-орун – Айгүл Алчинова, Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин биология мугалими (I даражадагы диплом жана принтер);

2-орун –  Дилфуза Шарабидин кызы, Ош облусундагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин англис тили мугалими ( II даражадагы диплом жана планшет);

3-орун –  Акылай Мавлян кызы, Бишкек шаарындагы №32 мектебинин математика мугалими ( III даражадагы диплом жана Алма-Ата шаарына 2 күндүк жолдомо).

Ошондой эле алдыңкы ондукка кирген катышуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган сынак “Кут Билим” медиа борборунун “Эл агартуу” журналы тарабынан жарыялаган. Сынакка материалдар 2024-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин кабыл алынып, элүүдөн ашуун сабактын иштелмеси келип түшкөн.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар