АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫНА АЛКЫШ ЖАРЫЯЛАП, ЭКИ КЫЗМАТКЕРГЕ АРДАК ГРАМОТА ТАПШЫРДЫ

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

25 Июнь 2024 ж. 10:33

Көрүлдү: 845

24-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаевага алкыш жарыялады.

post.title

Алкыш Лира Самыкбаевага кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу жарыяланды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Ардак грамотасы жана ардак белгиси менен министрликтин эки кызматкери сыйланды:

  • Сусаркуль Алынбекова – Илим жана инновациялар башкармалыгынын башкы адиси;
  • Алисултан Ташиев – Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар