БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ РЕФОРМАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНЫН ТУРУКТУУЛУГУ ҮЧҮН ТРЕНИНГ УЮШТУРУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Июнь 2024 ж. 15:14

Көрүлдү: 246

20-21-июнь күндөрү Бишкекте кесиптик лицейлердин 192 директору жана бухгалтерлери башталгыч кесиптик билим берүү системасын каржылоо жана аккредитациялоо ченемдери жөнүндө тренингге катышышты.

post.title

Тренингдин расмий ачылышына билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова катышты. 

Расул Абазбек уулу каржы ресурстарын эффективдүү пайдалануу боюнча нормативдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Гүльнур Мамырова кесиптик лицейлердеги окуу жылынын жыйынтыгын чыгарды.

Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова бюджеттик каржылоонун нормативдери, эсептөө ыкмалары жөнүндө айтып, финансылык ишмердүүлүктүн жана тобокелдиктердин анализин сунуштады. Ошондой эле тренингдин катышуучулары аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акуловадан жаңы ченемдик-укуктук актылардын негизинде окуу жайларды аккредитациялоо жөнүндө маалымат алышты.

Тренинг Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамды ишке ашыруу үчүн өткөрүлдү. 

Ушундай эле тренинг колледждердин жетекчилери үчүн 24-25-июнга белгиленген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар