КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР “ЭСКЕРҮҮ ПОЕЗДИ” ДОЛБООРУНА КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Июнь 2024 ж. 10:45

Көрүлдү: 607

20-июнда, билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Кыргызстандын атынан “Эскерүү поезди” эл аралык маданий-билим берүү долбооруна катыша турган окуучулар менен жолугушту.

post.title

Катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан окуудагы, чыгармачылык сынактардагы ийгиликтери, тарых боюнча облустук, республикалык олимпиадалардагы жеңиштери, мектептеги ыктыярчылыгы менен айырмаланган 10-класстын 15 окуучусу тандалып алынган.

Аземге 21-июнда Брест шаарында старт берилип, долбоордун 205 катышуучусу эскерүү поезди менен Улуу Ата Мекендик согушта согушкан ата-бабаларын эскерүү үчүн Беларусиянын жана Россиянын шаарларына барышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар