ЖУРНАЛИСТТЕР ЖАНА БЛОГЕРЛЕР ҮЧҮН “МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМ КӨРҮҮ” ТЕМАСЫНДА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Июнь 2024 ж. 17:17

Көрүлдү: 1316

Билим берүү жана илим министрлиги Россия Федерациясынын Тармактык тамактануу институтунун колдоосунда “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” темасында журналисттер жана блогерлер арасында республикалык сынак жарыялайт.

post.title

Сынакка телеканалдын, басылманын, радиостанциянын же интернет-ресурстун штатында же штаттан тышкаркы негизде иштеген журналисттер же 10 миңден ашуун жазылуучусу бар блогерлер катыша алат. Ошондой эле жеке жана редакциядан команда катары катышууга болот.

Катышуу үчүн 2024-жылдын 20-июнунан 21-октябрына чейин Google форманы https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfuD9UByjyPGeaBFYdVP6ljN4UN6cPHLG2zIfl-p_j3YHYscg/viewform  толтуруп же schoolmealsawards@gmail.com электрондук дарегине материалдарды жиберсеңиз болот.  

Конкурстук иштердин темалары:

  • Кыргыз Республикасындагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен бирдикте мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу долбоору боюнча Улуттук мектеп тамактануу программасын ишке ашыруу;

  • мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча долбоорду ишке ашырууну каржылоо;

  • мектеп ашканаларынын жана тамак-аш блокторунун инфраструктурасын модернизациялоо;

  • жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо (мектеп тамак-ашындагы жергиликтүү продукциянын үлүшү, агроөнөр жай комплексинин жергиликтүү сектору менен кызматташуу);

  • Коомдук жана ата-энелик көзөмөл (окуучулардын тамактануусун уюштурууга ата-энелердин катышуусу);

  • мектеп тамак-ашы боюнча адистер (мектеп ашканаларынын ашпозчуларынын кесиптик даярдыгы, мектеп ашпозчуларынын окуялары);

  • мектепте жана үйдө туура тамактануу адаттары (Өкмөт, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, облустук мэрия, мектептер, донор уюмдар мектеп окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин арасында туура тамактанууну жайылтууга катышуу).

Катышуучулардын иштери 22-октябрдан 4-ноябрга чейин калыстар тарабынан каралып, сынактын жыйынтыгы 7-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Басма сөз күнүнө карата чыгарылат.

Эң мыкты эмгектер 150 000 сомдук техника сатып алууга сертификаттар менен сыйланат.

Конкурстун максатымектеп окуучуларынын тамак-ашы темасына коомдун, атап айтканда ата-энелердин көңүлүн буруу, маселелерди талкуулоо жана мектеп тамак-ашынын Улуттук программасы жөнүндө билимдерди жайылтуу.

Сиздерден сынакка активдүү катышууну жана мыкты материалдарды күтөбүз!

Сынактын жобосу менен таанышуу үчүн – пдф (файл)

#мектептамак-ашы

#кыргызстандынжурналисттери

#журналисттерсынагы

#биздинбалдардынкелечеги

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар